Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең 7-январда түнкүсүн Ош облусунун аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында, тоо этектеринде кар жаайт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9;
Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Баткенде түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;
Нарын жергесинде түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -15…-17, күндүз -7…-9 градус болот.