Маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт

17-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти өтөт. Бул тууралуу акындын шакирти Темирбек Матыбаев SUPER.KG порталына билдирди.

"Улуу өнөрдүн ээси болгон устатыбыздын учугун улачу артында калган шакирттери жана балдары. Мындан улам устатыбыздын туулган күнүн утурлай эскерүү концертин уюштуруп жатабыз. Кечеде акындын ырларын окуп, төкмө акындар эскерип ырдайбыз. Ошондой эле концертке обондуу ырларын аткарып жүргөн маданият өкүлдөрү дагы катышат. Баарыңыздарды концертке келип, биз менен кошо устатыбызды эскерип кетүүгө чакырабыз", - деди Матыбаев.

Эске салсак, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев өткөн жылы 20-апрелде 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан