"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурунку директору кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын мурунку директору Дүйшөнбек Ирсалиевди кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек эркин экономикалык аймагынын мурунку директору акча каражаттарын жашыруун алып жүргөн коррупциялык схема аныкталды. Мамлекеттик мекеменин жооптуу адамдары контролдук жөнөтүүчүлөрдү тартуу менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда көмүскө кирешелерди алуу боюнча келишим түзгөндүгү белгилүү болду.

"Бишкек эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынын каржылык ресурстарды негизсиз сатып алуулар жана чыгымдар түрүндө сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Мындан тышкары коррупциялык схемасын ишке ашыруу максатында товардык-материалдык баалар негизсиз бааланган. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. 6-январда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-бөлүгү, "Бишкек" ЭЭАнын мурунку директору Д.И. жана аткаруучу директору М.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси Дүйшөнбек Ирсалиев Алмазбек Атамбаевдин тушунда ФУГИнин башчысы болуп иштегендиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан