Дебаттын жүрүшүндө алып баруучу БШК дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкер талапкерге каршы чакырыктарды таратууга, тигил же бул талапкерге каршы терс пикирлерди айтууга чектөө киргизгенин маалымдады.
Бул учурда президенттикке талапкер Адахан Мадумаров алып баруучудан тактоо сурады.
"Бул билдирүү бүгүнкү дебаткабы же жалпы дебатка тиешелүүбү?" деп суроо узаткан талапкер алып баруучудан эреженин кагазын көрсөтүүнү өтүндү.
"Бизге БШКнын эскертүүсүнүн кагазын бериңиз, "бир ыйык кишинин" аты аталбасын деген тыюу келди деп бербейсизби", - деди Мадумаров.
Ал эми алып баруучу кагазды дебат аяктаган соң талапкерлердин колуна кармата турганын айтты.
Ошону менен катар эле алып баруучунун аба ырайы тууралуу суроосу сынга алынды. Ал "Синоптиктердин маалыматына таяна турган болсок, 10-январда аба ырайы жакшырып, күн 10 градуска чейин жылыйт. Практика көрсөткөндөй аба ырайынын мындай жакшы болушу шайлоочулардын шайлоого активдүү катышуусун шарттайт. Сиз шайлоодон ким жеңет деп ойлойсуз? Шайлоонун жыйынтыгы, элдин тандоосу менен макул болосузбу же тарапташтарыңызды аянтка алып чыгасызбы?" деген суроо берген.
Мадумаров: "Сизге аба ырайы тууралуу суроо бер деп ким айтып жатат?" - деди.
"Алып баруучу катары суроону мен берип жатам. Мүмкүн болсо суроого жооп берсеңиз", - деди алып баруучу.
Мадумаров: "Кудай кааласа, касиеттүү элибиз бар. Алар өз чечимин кабыл алат. Ар бир эл өзү чечет. Мен өмүр бою эл менен жүргөм", - деди.
Алып баруучу талапкерден "Шайлоодон ким жеңет?" деп кайталап сурады.
Мадумаров: "Шайлоодон мен жеңем. Бул жерде турган бардык команда жеңет", - деп жооп берди.
Интернет колдоонуучулары дагы КТРКнын дебатын сындап жатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу КТРКдагы дебатты карап чыгууну сунуштап жатат
Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу кечээ күнкү КТРКдагы дебатты карап чыгууну сунуштап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.
"Бул маселе бүгүн каралышы мүмкүн. Дебатта мыйзам бузуу болгонбу же жокпу деп карап баа беребиз", - деди ал.
БШК Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрыла элек
Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко жакынкы күндөрү кайрылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Учурда материалдар даярдалып жатат. Мыйзам боюнча 3 айлык убакыттын ичинде кайрылсак болот. Жакынкы күндөрү Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди Абдыжапар Бекматов.
Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.
Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январда белгиленген президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү.
Вице-премьер-министр белгилегендей, президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктар жыйынтыкталуу алдында турат.