КТРКдагы бүгүнкү дебаттын башталышы кайрадан алып баруучуга сын айтуу менен башталды

Бүгүн, 7-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев катышууда.

Дебаттын 1-раундунда алып баруучулар талапкерлерге суроо узатты. Анда "Аймактык башкаруу формасын кантип жакшыртса болот?" деген суроого карата талапкер Клара Сооронкулова: "Сиз кечээги жомогуңузду кайра баштадыңызбы? Ачык эле парламенттикти жактырып жатасыңарбы же президенттик башкаруунубу деп айтпайсыңарбы. Президенттик башкарууну өзүңүз мактап айта кетиңиз. Ушулбу сурооңуздун маңызы?" - деди.

Буга карата алып баруучу: "Менин суроом мамлекетти башкаруу системине тиешеси жок. Мен аймактык башкаруу системи жөнүндө сурап жатам", - деп жооп берди.

Клара Сооронкулованын жообу: "Анда сурооңузду татаалдаштырбай бербейсизби. Бул жерде сөзсүз түрдө децентрализация болуш керек. Өткөндө пандемия учурунда биз көрдүк. Жергиликтүү калк борборго жалдырабай, эч нерсени күтпөй, демилгени колго алып өз муктаждыктарын өздөрү чечти. Демек, биздин эл өзүн-өзү башкарууга жөндөмдүү. Аларга эч кандай вертикалдын кереги жок", - деди.

Андан соң cуроого жооп берүү кезеги талапкер Абдил Сегизбаевге узатылды. Ал дагы өз кезегинде коомдук каналга, алып баруучуга болгон нааразычылыгын айта кетти.

"Жергиликтүү бийликке өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Кечээ дебатта баарыңар көрдүңөр. Бир хан болом деген адам КТРКдагы дебатты эркин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзбөй жатат. Дебатка өзү келбейт. Ошол эле учурда дебатта сын айтыла турган болсо, түнү менен УКМКны, ИИМди, Президенттин администрациясын алып келип туруп бул жактагыларды тизип отурат. Биз кайсы жолго түшүп калдык. Бизге келечек керек. Ар бир министрлик, жергиликтүү бийлик өз алдынча эл менен түздөн-түз иштеши керек", - деди Сегизбаев.

Талапкер Арстанбек Абдылдаевдин жообу: "Учурда биздин депутат, өкмөттүн программасы эмес, дүйнөнү дүңгүрөтүп турган мамлекет башчыларынын, евро парламенттин программасы иштебей жатат. Кыргызга башкаруудан мурун багыт берүүчү, жол көрсөтүүчү адам керек. Азыркы доордо адамзаттын анатомиясы бузулду. Ошон үчүн вирустар жаралып жатат. Президенттик башкарууга мен макул эмесмин. Бир жарым айда Садыр Жапаров бардак кылды. Ошондуктан улуу сыпатка өтөлү".

Талапкер Равшан Жээнбековдун жообу: "Эгерде бийликти бир адамдын колуна топтогон вертикалдык бийликти түзө турган болсок, жазында болуп көрбөгөндөй социалдык кризиске, коррупциялашкан бийлик менен мамлекетке, андан кийин кайрадан революцияга келебиз. Биз бир адамга бийликти топтоп берген башкаруу моделинен кетели".

Талапкер Каныбек Иманалиевдин жообу: "847-жылы ушул Евразия контингентинде ата-бабаларыбыз улуу Кыргыз каганатын курган. Азыркы Орто Азия, Монголия, Эне-Сайга чейин кыргыздар бийлеп турган. Себеби алар бийликтин туура формуласын тапкан. Социалдык чарба, мурас маселесин жер-жерлерде чечишкен. Анда бийликтин горизанталы болгон. Бирок сырттан душман келгенде кыргыздар чек араны, мамлекеттүүлүктү коргогон. Биз ошол балансты такташыбыз керек. Чек ара кызматы, аскерий кызматтар вертикал болушу керек. Социалдык, ата мурас маселелери түз болушу керек".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
pero5184
2021-01-07 22:39:59
Талапкерлер программасын айтканы эмес,ушак айтканы келгендей..
-3
Danysh1
2021-01-08 01:24:20
Бирдагы програмасы жок көргөзө алышкан жок биргана жамандашат 16 талапкер биригип кетчүдөйго элдин эсебинен жерңп жашагандар коркуп жатышатко дейм Садырдан өтүп кетсе куурайбыз дешип
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан