Теледебатта Каныбек Иманалиев: "Президент болсом Сооронкулова, Жээнбеков жана Касеновду командама алам"

Бүгүн, 7-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Клара Сооронкулова, Абдил Сегизбаев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков жана Каныбек Иманалиев катышууда.

Суроо: "Биз экономикалык кризисте турабыз. Экономиканы көтөрүү боюнча көп эксперттердин пикиринде ишкерликти өнүктүрүү керек. Бул үчүн ишкерлерди мөөнөтү узак насыя менен камсыз кылуу зарыл. Кантип бул маселени чечсе болот?".

Талапкер Каныбек Иманалиевдин жообу: "197 мамлекеттин ичинен 170 өлкөдө экономикалык кризис болуп жатканы байкалууда. Бул боюнча биз, депутаттар тобу 17 мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз. Анда салык системин жөнөнкөйлөштүрүү, социалдык жана салык төлөмдөрүн төлөөнү электрондук форматка өткөрүү сыяктуу маселелер каралган. Келечекте жакшы долбоорлорду иштеп чыксак, гранттарды, жеңилдетилген насыяларды тарта алабыз. Бирок ушул каражаттарды алуу үчүн билим, мээ, дипломатия керек. Талапкерлердин арасынан мен чыныгы реформаторлорду көрүп жатам. Булар: Элдар Абакиров, Бакыт Калмаматов, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов. Эгер президент болуп калсам, мен аларды командама алам".

Талапкер Равшан Жээнбековдун жообу: "Алгач ишкерлик үчүн шарттарды түзүү керек. Бизде эч кандай шарт жок. Бүгүнкү күндө ишкерликти укук коргоо органдары, соттор, бийлик уурдап жатат. Эгер өлкөдө ишкерлик өнүкпөсө пенсия, айлык акы жогорулабайт. Жумушсуздук маселеси чечилбейт. Арзан баадагы насыяларды алуу үчүн эркин, демократиялык мамлекетти курушубуз керек. Экинчиден, биздин лидерлер күчтүү, билимдүү болушу керек. Себеби насыя берип жаткан өнүккөн өлкөлөр каражатты прогрессивдүү боло алгандарга гана берет".

Талапкер Арстанбек Абдылдаевдин жообу: "Эгер кыргыз башчылары экономиканы тонобогондо эчак эле өнүгүп кетмекпиз. Мисалы, Бакиев кеткенде 3-5 миллиард долларды уурдап кеткени айтылды. Демек, ал Кыргыз өлкөсүндө калса экономика көтөрүлмөк беле? Бул чындык. Андан кийин мен Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылып чыккам. Бүгүнкү күндө дагы эле кул сезимдеги адамдар келип жоопко тартпай жатат. Кул кара курсак үчүн жашайт. Анын ою бийик болбойт. Ошондуктан кул сезимдеги адамдарды башыбыздан жоготпосок, кыргыздын экономикасы эч качан көтөрүлбөйт".

Талапкер Абдил Сегизбаевдин жообу: "Учурда ири суммадагы каражаттар болбогон нерселерге коротулуп жатат. Азыр аймактарды кыдырып жүрөбүз. Биздин артыбыздан УКМКнын кызматкерлери жүрөт. Буга көп каражат кетип жатат. Элдин душманы биз азыркы талапкерлер эмес, элдин душманы өлкөдө жаралган кризис. Ал кризистен чыгуу үчүн өлкөдө сабаттуу бийлик болушу керек".

Талапкер Клара Сооронкулованын жообу: "Өтө кызыктай суроо болду. Биз бул кризисте көп жылдардан бери жүрөбүз. Учурда бул кризис коркунучтуу формага айланып бара жатат. Биз жардын кырында турабыз деп айтсам да болот. Бул жерде бир гана эффективдүү жол бар. Ал финансы секторуна инвестиция кылуу. Бирок инвестиция коррупция жашаган, мыйзамдуулук болбогон, тартип жана адилеттүүлүк болот деген кепилдик мамлекетке келбейт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Petrovka
2021-01-07 22:45:18
Койчу ай жомогунарды.
+1
Petrovka
2021-01-07 22:46:09
Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн президент болуш шарт эмес
+1
nurikkg90
2021-01-07 23:08:41
Жээнбеков сени башкарып келди эле эми сен аны башкарайвн дединби бирок президент болбой калдынго тилеке каршы
+1
Asanali
2021-01-08 03:49:32
Отпой калдынго, мечтать не вредно, но безполезно.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан