Кечээтен бери коомдо Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев, Кайрат Кыргыздын Ютуб каналдагы видеолору талкууга алынып, алардын дарегине карата ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Чуулгандуу долбоордон кийин "Марал" радиосу Курал Чокоев менен кызматташууну токтотуп, радионун фонотекасынан ырлары өчүрүлүп, бойкот жарыяланарын расмий баракчасына жарыялады.
Ага улай эле "Кыргыз" радиосу Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин ырларын мындан ары уктурууну токтоторун билдирди.
"Жаштарга тескери тарбия берүүчү ыплас, маданиятсыз программасы үчүн Курал Чокоевдин жана долбоорго катышкан ырчы Кайрат Примбердиевдин ырларын "Кыргыз" радиосу мындан ары уктурбайт жана аларды эфирге чакырбайт", - деп айтылат билдирүүдө.