Садыр Жапаров: "Шайлоодо ким утуп чыкса да, аны таанышыбыз керек"

Бүгүн, 10-январь Кыргыз өлкөсүнүн келечегин аныктай турган маанилүү күн. Анда президенттик кызматка ат салышып жаткан талапкерлердин бири Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келип, маалымат каражат өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдө.

Ал шайлоодо ким жеңип чыкса, аны таанышыбыз керек дейт.

"Мейли, ким болбосун шайлоонун жыйынтыгын сөзсүз таанышыбыз керек. Мен утуп чыгамбы же башкалар утуп чыгабы аны сөзсүз түрдө таанышыбыз керек. Бул Кыргыз өлкөсүнүн биринчиден, тынчтыгы үчүн экинчиден, көпчүлүк элдин берген добушун биз сыйлашыбыз керек", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан