Буга чейин борбордук "Ала-Тоо" аянтында музыкалык аппаратуралар орнотулуп, ыр жаңырып жатканы маалымдалган. Мындай шаңды ким уюштуруп жатат жана себеби эмнеде деген суроонун жообу жалпыга кызык болуп жаткан. SUPER.KG порталы Бишкек шаардык мэриясынан окуянын чоо-жайын сурады. Маалымат катчы бул окуядан кабары жок экенин жана уюштуруучулар бул боюнча мэриядан уруксат да албаганын кошумчалады.
"Бул маселе негизгиси биздин жетекчиликке жетти. Алардын тарап кетүүсү айтылды", - деди маалымат катчы.