Инаугурация шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, добуштар кол менен эсептелгенден кийин жана соттук талаш-тартыштар болуп калса, чечилгенден кийин жыйынтык чыгарылат.
Бүгүн республикада кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өттү. Бардык шайлоо участкалары саат 20:00дө эшигин жаап, добуштар саналып, алдын ала жыйынтык айтылууда.