Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу тарабынан 21 кайрылуу каралып, 7 айып пул салынды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-октябрынан 2021-жылдын 5-январына чейин шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардан жана шайлоо процессинин башка субъекттеринен келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топ 21 арызды жана даттанууларды карады, анын ичинен 1 арыз ээси тарабынан кайтарылып алынды.
Келип түшкөн өтүнмөлөрдүн мүнөзүн төмөнкү категорияларга бөлүүгө болот: 1) шайлоо алдындагы үгүттөөнүн шарттарын бузуу -12; 2) талапкерлерди каттоо жөнүндө - 2; 3) шайлоочуларга пара берүү - 1; 4) ар кандай (маалымат каттары) - 4; 5) административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу - 2.