Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов министрликтен кетип көптөгөн иштерге жетишпей калганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын # ГалстукТар долбоорунда билдирди.
"Чынын айтсам көп иштерге жетишпей калдым. Жакынкы арада жетишпей калганыбыз 2020-жылы Орусия менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда эриш-аркак жылы деп жарыяланган ошону абдан жакшы деңгээлде бүтүрөлү дегенбиз. Тилекке каршы, коронавирус илдети жайылып кетти. Бизде дагы саясий окуялар болду. Жүрөгүмдө турганы 4 маданий мекеменин капиталдык ремонту. Эми жакшы деңгээлде бүтүп калат деп ойлойм", - дейт ал.