Комендант: "Нарын шаарында коменданттык сааттын эрежесин бузган бир да кылмыш иши катталган жок"

Бүгүн,18-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жана Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров онлайн маалымат жыйын берүүдө. Коменданттын айтымында, 17-апрелден 18-апрелге караган түнү облус аймагында 12 кылмыш иши катталган жана ал кылмыштардын баарынын бети ачылган.

"Андан тышкары 14 айдоочуга протокол түзүлүп, унаалары айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Коменданттык саат эрежелерин бузган Нарын шаарында бир да кылмыш иши катталган жок.

Ал эми Ат-Башы районунда 5 жаран кармалды. Ал 5 адамдын экөө жаш балдар, бир адам мас абалында унаа айдап жүргөн жана эки адам коменданттык саатты бузган. Эки жаш баланын ата-энеси чакырылып, аларга балдары тапшырылды жана протоколдор толтурулду", - деп билдирди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан