Кечээ, 11-январда өткөн футбол боюнча Италия чемпиондугунун 17-турдук оюнунун алкагында туриндик "Ювентус" командасы өз үйүндө "Сассуоло" футболдук клубун кабыл алды.
Оюндун негизги убактысы аяктап кошумча эки мүнөттүктө гол жаратып карьерасындагы 759-голун киргизди. Муну менен Криштиану Роналду футбол тарыхындагы голдорунун саны боюнча абсолюттук рекордду кайталады. Эми Роналду абсолюттук рекордду жаңылаш үчүн бир гана гол жаратса жетиштүү.
Голдордун саны боюнча абсолюттук рекорд чехиялык чабуулчу Йозеф Бицанга таандык болчу. Ал 1931-1955-жылдар аралыгында 759 гол киргизген.
"Ювентус" - "Сассуоло" (3:1);
Голдор: Данило Луис да Силва (50-м), Грегуерь Дефрель (58-м), Аарон Рэмзи (82-м), Криштиану Роналду (90+2-м).