Бүгүн, 12-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 90 миллион 872 миң 905 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 50 миллион 243 миң 832 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 943 миң 943 адам илдеттен каза болгон.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 22 миллион 612 миң 384 болду. 376 миң 51 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 466 миң 595 адамдан аныкталды. 151 миң 160 адам каза болсо, 10 миллион 92 миң 909 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.