Ат-Башы районунда демөөрчүлөр тарабынан бодо мал союлуп, эти дарыгерлерге таратылды

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында демөөрчүлөр тарабынан бодо мал союлуп, анын эти медицина кызматкерлерине таратып берилди. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу кайдыгер карабаган жарандарыбыз демөөрчү болуп бодо мал алып беришти. Бодо малдын этин ооруканада күнү-түнү эл кызматында иштеген медицина кызматкерлерине таркатып бердик. Демөөрчү болгон байке-эжелерибизге, райондун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Кудайым буюрса бүгүнкү ооруп жаткан бейтаптар эртерээк сакайып кетүүсү үчүн, элибиздин амандыгын тилеп, бата кылдык", - деген Ат-Башы районунун башкы имамы Абдулла Тахиров.

Анын айтымында, мал союуга Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жана анын орун басарлары, Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгери катышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан