Чүй облусунда 11-январь күнү саат 21:50 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Жаңы Конуш тилкесиндеги батирден 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.
ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, батирден чыккан өрт саат 23:20да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 4 адам (2 эркек - 1976-жылы туулган, 1930-жылы туулган, 2 кыз - 2008-жылы туулган, 2005-жылы туулган) иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилди. Мындан тышкары 8 адам куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган.