Кыргыз өлкөсүнө Орусия менен Беларустан коронавирусту аныктоочу каражаттар чартердик каттам менен жеткирилди

Орусия Кыргыз өлкөсүнө кезектеги кайтарымсыз жардамын көрсөттү. 6-апрелде Орусия коронавирусту аныктоочу ПЦР-тесттерди жана реагенттерди жиберди. Жардамга келген каражаттардын жалпы саны 5 миң даана экенин Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

"Мындан тышкары 22 миң 500 адамга ылайыкташкан 100 таңгак ПЦР-тесттер Беларусь өлкөсүнөн алынды. Тест системдерди өндүргөн ишкана кошумча 5 таңгакты акысыз берди. Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы жана Орусиядагы элчиликтеринин көмөгү менен каражаттар 6-апрелде Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы менен Бишкекке жеткирилди. ПЦР-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлдү. Кыргыз өлкөсү көмөктөшкөн тараптарга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан