Бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев шаардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Жыйын учурунда ал шаар тургундарын туруктуу жана чыдамкай болууга чакырды.
"Мен түшүнүп турам, балдар эшикке чыгып ойногусу келет. Бирок мындай жол менен бул ооруну жеңе албайбыз. Бул тууралуу биз тараптан силерге көп жолу айтылган. Санитардык норманы сактап, ар кандай контакттан алыс болуңуздар. Биздин кылып аткан иштерибиз сиздерди бул оорудан алыс кылуу.
Бул вирусту жеңишке аз эле убакыт калды. Силер тараптан бир аз чыдамкайлык жана туруктуулук гана керек", - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты.