Филиппинде 23 жаштагы стюардесса Жаңы жыл майрамы күнү 11 эркек тарабынан зордукталып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, филиппиндик стюардесса Кристин Дачера аттуу кыз өз өлкөсүндө Инстаграм жылдызы катары белгилүү болгон. Ал Жаңы жылды Макати шаарындагы кымбат мейманканалардын биринде тосуп алууну чечип, ал жакта кече уюштурган. Кечеге ондон ашык эркек катышкан.
"Полиция мейманканага орнотулган видеобайкоонун негизинде окуянын чоо-жайын тактаган. Стюардесса эртең менен бөлмөдөн эс-учун жоготкон абалда табылган. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Анын денесинде зордуктоо белгилери байкалып, канынан ири көлөмдөгү алкоголь ичимдиктери табылган. Кечеге катышкан 11 жигиттин бардыгы тең зордуктоо жана адам өлтүрүү боюнча айыпталып кармалган", - деп жазылат маалыматта.