Фейсбукта кадр маселеси башталды. Новиковдун өкмөт башчылыкта калышын каалагандар Жапаровго кайрылышууда

Өлкөдө президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөнүнө 3 күн болуп калды. Ал арада Фейсбукта кадр маселеси башталды. Колдонуучулар премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиковду өкмөт башчылыкта калтыруу боюнча пикирлерин жазышууда.
Социалдык тармактын Орозбек Осмонов аттуу колдонуучусу Новиков боюнча Садыр Жапаровго кайрылган.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз жараны катары премьер-министрликке Артём Новиковдун калышын сизден суранам. Мүмкүнчүлүк бериңиз. Жыйынтык кылат деп ишенем. Достор, келиңиздер биргеликте колдоп жеткирели! Бөлүшүп, комментарий жазып койгулачы".
Дагы бир Мекенчил бол аттуу колдонуучу: "Артём Новиков жакшы иштеп жатат, тууган-туушкан деген жок. Ордунда эле калып иштей бергени оңбу? Силер кандай ойлойсуңар?" - деген билдирүүсүн калтырган.
Алтын Абдалиева аттуу колдонуучу дагы Садыр Жапаровго кайрылган: "Урматтуу Садыр Нургожоевич! Артём Новиков ишинде жакшы жактарын көрсөттү. Анын премьер-министрликте калтырууну суранабыз! Анткени анын тууган-туушкандары жок", - деп жазган.
Билдирүүлөргө карата жазылган пикирлерден:
"Артём Новиков өзү эле ылайык, жакшы иштеп жатат, убакыт берүү керек!"
"Эми Президенттик башкаруу болгондон кийин Түркия, Америка сыяктуу премьер-министр болбошу керек. Президент эмне дейт экенин ким билет. Бийлик анын колунда".
"Артём жакшы иштеди. Кайсы улут болбосун эли үчүн таза иштесе болду. Азаматсың, Артём! 30 жыл элин алдаган кары карышкырларга сабак бердиң".
"Новиков калыш керек, башкалары кереги жок. Келгилери келсе Новиковго орун басар болушсун".
"Абдан туура, колдойм! Азыр "оке" , "кыке" деп ой-кырды сүйлөбөй, А.Э.Новиковго мүмкүнчүлүк бериш керек. Иштесин, бардык параметри туура келет. Анан да мыкты иштеп жатат".

"Артем Новиков калсын, баштаган ишин аягына чыксын, орто жолдо калбасын, көпчүлүк суранат".
"Иштесин, негизгиси Новиков түндүк-түштүккө бөлбөйт".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kari
2021-01-13 12:21:00
Копчулук Новиковту колдоп кетет.Аз аралыктын ичинде элди дурболонго тушурбой,тынчтыкты сактап пайдалуу жумуштарды аткарып,эл назарына илинди.Чындыкта Новиковтун озунун дагы олкону кризистен алып чыга турган пландары болсо керек.Ийгилик.Садыр экоо Кыргызстанды кризистен да карыздан да алып чыга турган чыныгы инсандар.
+13
futboler
2021-01-13 13:11:11
Новиковду калтыруу керек, жакшы иштеп жатат.
+9
narynbek2001
2021-01-13 13:21:36
Раим Матраимовтун кландарын бийлике жолотпош керек. Садыр жаны кадрлар менен ишти баштабаса, андан элдин умутун актабай калат.
-7
al-abu-kinesz
2021-01-13 13:26:45
Новиков аз убакытта эле татыктуу экенин корсото алды! Мен да колдойм!
+8
Baiaman997
2021-01-13 15:08:16
Артем Новиков, туулган кунун менен , бактылуу бол
+3
Kyrgyz_bloger
2021-01-13 15:13:40
Фейсбукта кобу фейктер
+2
nazira...
2021-01-13 16:00:58
Билбедим го, бирок кыргызча сүйлөй албаса элдин үнүн кантип угат, через переводчик менен кечке жүрүш болбойт го. Кыргыз тилин мамлекеттин эсебинен төлөтүп үйрөнөм деген ушу беле.
-6
futboler
2021-01-13 19:06:48
nazira..., Отуз жылдан бери кыргызча билгендин бирөөсү элдин үнүн уктубу? Тили кыргыз болбогону менен жүрөгү кыргыз деп согот деп ишенем.
+3
Ernis82
2021-01-13 23:02:07
Мелис Мырзакматов жакшы кадр
-3
suban78
2021-01-14 14:40:02
Новиковду жок кылышат коромунор. Ал канчалаган жегич чондорду пайдадан калтырды. Чек арадан миллиарддаган сомдорду жеп турушкан да. Онойлук менен Новиковду премьер кылып калтырышпайт да. Вы чё!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан