Депутат Аалы Карашев Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин жетекчиси бюджет тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын айтып, аны сындады. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин директору Мария Алыбаева аталган тармакта иштегендердин айлык маянасы 7-8 миң сомдун тегерегинде экенин белгиледи. "Ал эми аталган агенттиктин бюджети 24 миллион сом", - деп маалымат берди.
Депутат Аалы Карашев: "535 кызматкер иштейт дедиңиз. Алар 7-8 миң сомдон айлык аларын да билдирдиңиз. Эсептесек айлык маянага жыл сайын 50 миллион сомдон ашуун каражат кетет экен. Андыктан маалыматты так билбесеңиз, бюджети тууралуу туура эмес жооп бербеңиз", - деди.