Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республиканын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгендигине байланыштуу билдирүү жасады. Анда өкмөт башчы өлкөдөгү абал тууралуу сөз сүйлөп жатып, вирус алыс жакта эместигин, вирус ар бирибиздин жаныбызда экенин эскертти.