"Убада жерде калган жокпу?". "Исмаил Матраимов" фонду тарабынан таратылган жардамдардын видеолору жарыяланды

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов: "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду иним Райымбек Матраимовдун колдоосу менен коронавирустун кесепетин жоюуга гуманитардык жардам көрсөтүп баштады", - деп билдирген болчу.

Ал кайрымдуулук иш-чарасы уланып, жөнөтүлгөн жардамдар дарегине жетип жатканын маалымдады. Бүгүнкү күндө вирустун илдеттери жайылган аймактарга жардам жүктөрү жеткирилип, дагы да уланууда.

"Учурда өлкөбүздүн бардык аймагында вируска байланыштуу кыймылдар чектелип, айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланды. Ушуга байланыштуу республиканын аймактарына гуманитардык жардам жөнөтүүнү улантып жатабыз. Берилген жардамдар жергиликтүү бийликтин жардамы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж калктын катмарына даректүү жеткирилип жатат", - деп жазылат Матраимовдун маалыматында.

Аксы районуна 60 тонна ун, 2 тонна өсүмдүк майы бөлүнгөн

Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кара-Сууга берилген жардам

"Исмаил Матраимов" фондунан берилип жаткан жардамдар - Кара-Суу районуна дагы жетти - 150 тонна ун, 9 тонна өсүмдүк майы жана 40 миң даана бет кап берилди. Алар адаттагыдай аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жардамга муктаж жарандар, тартип сакчылары жана дарыгерлерге таратылды.

"Исмаил Матраимов" фонду Сузакка 100 тонна ун, 6 тонна өсүмдүк майы жана 30 миң даана бет кап таратты

Коронавирус илдети алгачкылардан болуп катталган Сузак районуна жөнөтүлгөн 100 тонна ун, 6 тонна өсүмдүк майы жана 30 000 даана бет кап жардамы толугу менен таратылып бүттү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен тиешелүү даректерге жеткирилди. Карантинге байланыштуу үйүнөн чыга албай отурган жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган жарандарга жана илдеттин кесепети менен күрөшүп, иштеп жаткан дарыгерлерге бөлүндү. Мындан тышкары блок посттордо турган кызматкерлерге дагы жардамдар көрсөтүлдү.

Ош шаарына да бөлүнгөн жардам жеткирилип, таратылды

24-мартта "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фонду - Ош шаарына бөлүнгөн гуманитардык жүктү таратып бүттү. Жардам даректүү болушу үчүн социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга багытталды. Шаарга 50 тонна ун, 3 тонна өсүмдүк майы жана 20 000 бет кап бөлүндү.

Ноокат районуна 25 тонна ун, 1,5 тонна өсүмдүк майы жана 10 000 бет кап таратылды

Райымбек Матраимовдун колдоосу менен берилип жаткан жардамдын Ноокат районуна тиешелүү бөлүгү да өз дарегине жетти. Аталган райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам жеткирилди. Азык-түлүктөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таратып беришти.

Мындан тышкары жардам Баткен облусуна да жөнөтүлгөн. Алдыда Нарын облусуна бөлүнгөн азык-түлүктөр жеткирилип берилет. Таратыла турган жардамдын жалпы көлөмү менен бул жерди басып таанышыңыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан