"Табалаба, таяп кой, элим". Наамдары жокко чыгарылган ырчыларды колдогондордун аягы суюла элек

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек.

13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Жокко чыгарылган наамдар боюнча каршы пикирлерин билдиргендердин аягы суюла элек. Шоумен Урмат Борченов зордукчул, зөөкүр, паракорлор жүргөнүн, ал ортодо ырчылардан кечирим суратып, наамдарынан ажыратып эмне таптык дейт.

"Маданият адамы саясатка аралашпаш керек, жарандык позициясын айтпаш керек, дагы кандай чектөөлөр бар? Маданият адамы биринчи кезекте адам. Демек, милдети менен кошо өз эрки, укугу, милдети бар. Таарынганбыз кимге? Алдырабыз жинге. Ырчыга чыгарып күчүбүздү, ажыратабыз дейбиз сыйлыкты. Ооба, кылыптыр алар былыкты. Бирок жазалоо биздин колдо эмес. Мыйзам бузса сот, күнөө кылса Кудай алдында жооп берет. Демек, сөгүнөбү, урушабы өз эрки. Досторумду жактабайм, иш-аракеттерин актабайм. Бирок Кайрат менен Курал кыргыздын чыныгы азаматтары. Аларга муктажбыз, алардын пайдасы чоң. Айкөл элим, табалаба, таяп кой, кечирип кой", - дейт ал.

Бийчи Атай Өмүрзаков бийликтин кылганына сын айтты.

"Ким эмне кааласа ошону алып чыгат. Туура же туура эмес деп баа берүү меники эмес. Мен биздин бийликтин мындай реакциясын гана сындап жатам. Пайдасыз наамды берип, анан алып койгон негизсиз. Мен шоуну көрө элекмин жана колдобойм. Авторлор өздөрү билишет, ал үчүн кечирим сурап, долбоорду жабышты. Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоев таланттуу адамдар жана андайлар саналуу гана. Ушундай кырдаалдан улам алар өлкөбүздөн чыгып кетет деп корком", - деген пикирин калтырды.

Ал эми ырчы Чолпон Талипбек чуулгандуу программаны көрүү ар кимдин өз эрки дейт.

"Ютуб көз карандысыз талаа. Бул окуянын айланасында болуп жаткан ызы-чууну түшүнбөйм. Программаны көрүү же көрбөй коюу адамдын өз эрки. Долбоорду мамлекеттик каналдарда көрсөтүлгөн жок, интернеттен издеп көргүлө деп кыйнаган жок. Болгону менин кесиптештеримдин кадыр-баркына гана таасири тийди. Ал эми интернетте контент түзүү ар кимдин каалоосу жана укугу. Мен бул долбоорду колдобойм. Мен цензурага, диктатурага каршымын. Менимче, биздин өлкөдө чечүүгө зарыл болгон реалдуу эле маселелер бар".

Министрликтин наамдар тууралуу кабыл алган чечимин колдогондор да жок эмес. Алардын катарында коомдук активист Кубанычбек Баялиев, акын Бердибек Жамгырчиев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
Suuluwka9686
2021-01-14 15:07:36
Экоо тен бир нерсени кыйраткансып учуп калышкан озгочо кайрат. Эркек болушса унчукпай эле оздору тапшырса жакшы болмок
+7
alisheran
2021-01-14 15:08:33
Чыкса чыгып кете беришсин Курал мн Кайрат башка олкого аларсыз жашоо токтоп калмак беле...
+5
Nargiza1987k
2021-01-14 15:22:31
Жалан оздоруно окшош адамдар колдош уптур
+3
Margo82
2021-01-14 15:35:27
Булар элита ырчылар да,бизнесмен ,олигархтарга кошулуп жаңы президентке каршылар баары.
Карапайым эл менен жөнөкөй,ырчылар колдошот жаңы бийликти.
Атабеков баш болуп,Рыскулбеков,Чокоев,Примбердиев,Талипбек,Анжелика,Айтбекова,Жамгырчиева,иши кылып орусча кыйын билген маданияттын элиталары.коп кочугунорду кычыштырбай кыскыла,элдин баарына жаман көрүнүп калгансынар октябрда.Мирбектин артынан Америкага барып согуно бергиле,каалашынарча.элди тупой ойлоп атасынарбы.
+9
Nursul
2021-01-14 16:05:10
Зордукчул педофилдер пара корлор деле жүрүшпөйбү деп анда кашабыз чыгып жүрө берелиби. Буларды бир тойго чакырымыш болуп оптом эле баарын сабап салбайлыбы туугандар бүт эле куралга эле окшоштор турбайбы.
+7
makskyzy
2021-01-14 16:24:29
Колдогондордун баары оздоруно окшогон маданиятсыз адамдар экен кайсы арынарга кыргызбыз деп журосунор салт санаа урп Адат деген бар маданият кызматкерлери элдин улгусу дешчу эле ушуларбы бизге улгу болчулар буларды коргон балдарыбыз келечек муундарыбыз эмне деген тарбияны алышат. Курал чон эле кишисин элден уялбасанда тууган урук бала чакандан уялбайсынбы же уйундо балдарына ошондой тарбия бересинби
+3
cholponai.e
2021-01-14 16:33:32
Ушул болушуп жаткан маданият адамдары маданият эмне экенин билесинерби озу. Маданият адамдары да ушундай болобу?
+2
Shanson
2021-01-14 16:34:58
Значогуна кошуп паспортунд агы тапшырып коюшсун.
+1
nurik73
2021-01-14 17:56:23
Тан кала турган деле нерсе жок бул жакта. Маданият тармагы карупциялашкан да. Татыктуу эместерге наамдын баарын сатып салышып жыйынтыгын азыр коруп жатабыз. Наамдарын падряд алып салыш керек. Мен даже тан калдым Токтобубу Черикчиева эжеге эмгек синирген артист наамын бере электигин угуп.
+4
Aika.
2021-01-14 18:08:41
Баарынын наамын алышсын.Бизге озу жакшылык жакпайт.
-1
ika8086
2021-01-14 18:17:06
Ооо ана сага жаштар комитети.Силерда тапшыргыла Эркинден каласынарбы.Атайчик сен нараак эле жур жолобо.Эл менен ушу даражага жеттинер эмнеге кайсы арынарга кыйын болуп,кайсы ботинки менен колдоп жатасынар бети жокторду.Уят [moderated] коз карандысыз болгон чакта дагы пожаловаться деген баскыч бар чырагым.Эми арка алдынарды карап иш тутасынар эркинбиз деп чектен чыккан болбойт.Маданият деген кайда калды?Кеп маданияты деген бар,эч болбосо суйлогон созунордо маани-маныз болсо кана.
+3
sabyr86
2021-01-14 18:55:29
Куралды апам аябай жакшы коруп угат,эжем экобуз Курал менен Кайрат экоону соз кылып атсак.Апам аларга не болуптур деп сураса,эжем айткандан уялып ,мага козун кысып экоо дуэт жаздырып атыптыр десе,апам азаматтар экоо тен таланттуу балдар деп койот.
+5
nazira...
2021-01-14 21:44:10
Охоо Атайга тан калып атам. Чолпон дегенге жакса керек андай сөздөр. Окшошкондор десе. Жалан кечээки манкалар сүйлөп атышат, кана аксакалдары не унчугушпайт. Ошолор менен маслатташип анан сүйлошпөйбү. Үйдө деле ата энен менен сүйлөшүп анан иш кыласын го.
0
Tiken
2021-01-15 00:58:08
Жаштар азыр ТВ корбойт, а именно ошол кайсыл интернет тармагында бейбаштык, тарбиясыздык болуп жатса ошол нерсени корот. Эми беруунун максаты эмне ошондо, ар бир беруунун максаты болот да! Максатсыз, маданиятсыз Жана тарбиясыз адамдар наамдан айланып кетишсин! Эми ушул уятсыздыкты маданият адамдары кылса ото эле начар го!!!
+2
nur090909
2021-01-15 01:23:10
Эптемей ырчылардан эмес, Кыргыздын каймактарынан сурамжылоо кылса эң туура болмок. Булар ким, кечээги эле чыккан ырчылар,2ырды жаздырып ырчымын деп өзүн бийик сезгендер. Чолпон Талипбекке окшоп жарым денесин көргөзүп жүргөндөр маданияттын Мсын түшүнмөк беле.Кана улуу муундун ырчыларынан, Акын жазуучулар дан, чыныгы маданияттын адамдарынан сурашсынчы бирөө колдойт бекен? Ырчыларга лицензия берип анан ырдатабыз деген Маданият министринин сөзүнөн кийин, эптемейлер бир чогулуп, каршы болуп жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан