Футбол боюнча Өзбекстан курамасынын оюнчусу атактуу "Ювентус" клубунда ойноп калышы мүмкүн

Италиянын "Женоа" футболдук клубунун өзбекстандык чабуулчусу Эльдор Шомуродов белгилүү туриндик "Ювентус" клубуна өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы өзбекстандык футболчу "Ювентустун" кызыкчылыгына түшүп калган. Туриндик клубдун жетекчилиги Шомуродовду Альваро Моратанын ордуна алмаштырууну көздөөдө.

"Скамакка (ред. "Асколи" клубунун чабуулчусу) же Шомуродов? Бизде атаандашуу тизмеси бар. Эгерде трансфердик рынокто жакшы варианттар бар болсо, анда биз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай команданы бекемдөөгө даярбыз. Болбосо жок. Биз эч жакка шашылбайбыз", - деген клубдун спорттук директору Фабио Паратичи.

Эльдор Шомуродов "Женоа" клубуна Орусиянын "Ростов" клубунан былтыр 7 жарым миллион еврого өткөн. Ал Өзбекстан курамасында 2015-жылдан бери ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-01-14 15:41:26
Тактикасы куччтуу оюнчу экен. Бир оюнун кордум эле. Тырышчак экен. Ийгилик.
+3
Esenali
2021-01-14 16:29:03
азыр эрте өтүшкө конкурент көп тез эле сындырып ташташат
+2
Dante5
2021-01-14 21:07:47
Озбекдер боп кетеби ошондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан