Интернетке жаш жубайлардын Сыймык Бейшекеевдин "Эки жүрөк" аттуу ырын аткарган видеосу тарап, коомчулуктун жакшы алкоосуна татыган. SUPER.KG порталы эки жашты таап, аларды кепке тартты. Каармандарыбыз ырдагандан башка дагы көп өнөргө ээ экендигин маектешип жатып билдик. 27 жаштагы Иляз Чыңгызбек уулу спорт чебери, Азия чемпиону, андан сырткары калем менен сүрөттү мыкты тарткан сүрөтчү болсо, келинчеги 21 жаштагы Айтурган Замирбек кызы кагаздан ар кандай гүлдөрдү, түрлөнтө тамактарды жасаган мыкты үй кожойкеси. Таланттуу жубайлардын баш кошкондоруна бир жыл болгон. Алар ырдаган видео көпчүлүккө жагат деп ойлобогондугун айтышат.

- Сиздер ырдаган видео интернет желесинде тарап, көпчүлүктүн алкоосуна татып жатат. Канча убакыттан бери видео тартып жатасыздар? Негизи бул кимдин идеясы болду?
Иляз: - Тик-Токко мен негизи кызыкпайм деле, жубайым эле кызыгып катталган. Өзүнчө эле видеолорду тартып жүрө берчү. Менден кээде идея сурап калчу. Анан бир күнү ырдап, видеого тартып коёлу деп сүйлөшүп, тартып калдык. Анан эле интернетте жайылып кетти. Ырдаганыбыз элге жакты окшойт деп ойлоп калдык.
Айтурган: - Тик-Токко кирүү менин идеям болду. Бир жыл мурда катталып, бирок кээде эле видео жүктөп койчумун. Акыркы 3-4 айдан бери көбүрөөк тартып баштадым. Негизи өзүм Тик-Токко чейин эле ар кандай видеолорду тарта берчүмүн. Кийин жолдошумду дагы көндүрүп, чогуу тарта баштадык. Кээде кайненемди дагы кошуп алабыз.

- Видео тартуу үчүн атайын даярданасыздарбы? Видеоңуздар жайылып, жакшы пикирлерди окугандан кийин кандай сезимдер болуп жатат?
Айтурган: - Атайын видео тартышыбыз керек деп даярданбайбыз деле, кадимки эле жашоодо кандай болсок ошондой тартып коёбуз. Мынчалык популярдуу болот деп такыр ойлогон эмеспиз. Аябай эле күтүлбөгөн окуядай болду. Ал эми көрөрмандардын жакшы сөздөрү, катталуучуларымдын көбөйүп жатканы мага жагып жатат (күлүп).
Иляз: - Мага эч нерсе билинген жок (күлүп). Келинчегим эле кыйкырып, сүйүнүп калат. Ал эми жакшы пикирлерди окуганда, албетте, жакшы бир сезимдер болуп, ырдагың келип калат экен.

- Иляз мырза, комузду жакшы чертет экенсиз. Экөөңүздөр тең мыкты ырдайт экенсиздер. Музыкалык билим алгансыздарбы?
Иляз: - Музыкалык билимибиз деле жок. Үйдө мындай жай турмушта эле кыйкырып ырдап жүрө беребиз. Ал эми комузду чоң атам чертчү, үй-бүлөдө баарыбыз эле комузда кол ойнотобуз. Мен ойлойм бул эми кыргыздын улуттук аспабы болгон соң ар бир кыргыз черткенди билиши керек деп.
- Айтурган айым, сиздин ырдап, бийлеп, видео тартып жатканыңызга кайын журтуңуз кандай көз карашта?
Айтурган: - Кайненем абдан жакшы адам. Биздин тарткан видеолорубузду түшүнүү менен кабыл алат. Такыр тыюу салган эмес. Кандай иш жасабайлы ар дайым колдоп, жакшы сөздөрүн айтат. Биз үчүн башкалардын пикиринен мурда апабыздын айтканы абдан маанилүү.

- Негизи өзүңүздөр эмне жумуш менен алектенесиздер? Кайсы жакта окуйсуз же иштейсиз?
Айтурган: - Негизи мен үй кожойкесимин. Бирок шаарда жүргөндө кагаздан гүл жасап, Инстаграм аркылуу буйрутмаларды алчумун. Учурда айылдабыз.
Иляз: - Мен биринчи Бишкектеги Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктагам. Андан соң Оштогу финансы-юридикалык колледжде билим алдым. Кийин ОШМУнун бизнес жана менеджмент бөлүмүндө да окуп, ийгиликтүү бүткөм. Мындан сырткары спорт менен алектенип келем. ММА боюнча спорт чеберимин. 2016-жылы ММА боюнча Азия чемпиону болгом. Спорттун кармаш-уруш, Грепплинг боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпионумун. Грепплинг боюнча Азияда байгелүү орунга ээ болгом. Дагы көптөгөн спорттук оюндарга катышкам. Азыр айылда эле болуп жатабыз.

- Кайсы жерден болосуздар? Жашыңар канчада? Баш кошконуңуздарга канча убакыт болду?
Иляз: - Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу деген айылынан болом. Жашым 27де. Келинчегим болсо 21 жашта, Өзгөн районунун Ийри-Суу деген жеринин кызы. Баш кошконубузга бир жылдын жүзү болуп калды.

Жубайлардын айрым видеолорунан алардын апасын дагы көрүүгө болот. Мындан улам жаштардын энеси Нурбүбү Үркүнбаевага да суроо узаттык.

- Балдарыңыз ырдап, бийлеп видео тартып баштаганда кандай кабыл алдыңыз? Айрым видеолорунда сиз дагы жүрөсүз.
- Балдарым бактылуу болсо мен үчүн ошол чоң бакыт. Ал эми видео тартып калгандарын туура эле кабыл алдым. Жаштыкта ар бир эле адамдын ойноп, күлүп жүргүсү келет да. Менин балдарым да жаш, ырдап, бийлегиси келет. "Апа, бери келсеңиз" дешип, кээде мени да кошуп алышат (күлүп). Бири-бирин түшүнүшүп эле жашаса мен эч бир нерсесине каршы болбойм. Колумдан келсе кайра колдоп, дем бергенге аракет кылам.

- Айтурган айым тууралуу айтып берсеңиз. Сизге кандай келин болуп жатат?
- Келиним ачык-шайыр, ичинде кири жок адам. Кандай тамак жасаса дагы даамдуу, анан түрлөп жасайт. Колунан бардык иш келет. Кудайга шүгүр кылам, ушундай келиндүү болгонума. Экөөбүз келин-кайненедей эмес, апасы менен кызындай элебиз. Сырдашабыз, мен дайыма энелик кеңештеримди айтам. Ал да бирөөнүн кызы да, менин босогомду аттап, бүлө болуп келгенден баштап эле мээримимди төгүп эле келе жатам.