Салмагы Манаска тете уул төрөлдү. Караколдо 6 килограммдан ашык салмакта ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кечээ, 14-январь күнү эртең менен саат 10:30да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында салмагы 6 килограмм 640 граммга жеткен уул бала төрөлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору билдирди.

Маалыматка ылайык, наристе 38 жаштагы келиндин бешинчи баласы. Ал Каракол шаарынын тургуну.

"Ымыркай кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы", - деп билдирди облустук координатор.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Raihan0602
2021-01-15 12:30:10
Өмүрү ден соолугу менен болсун
+14
ZALKARBEK.84
2021-01-15 13:18:43
Өмүрү узун, ден соолугу чың, кыргыздын керегине жараган азамат болсун. Кудайым дайыма колдоп турсун.
+11
bekbol2006
2021-01-15 13:45:51
Элдин козуно коп коргозбогуло. Суук коздон сактасын Алла
+11
Gupa
2021-01-15 13:51:14
Өмүрлүү болсун! Мен төрөп жаткан кезде жанымда жаткан эже да 6 килограмм төрөгөн эле. Кыргызда төрөлүшүндө салмагы менен Манаска тете уулдар көп, буюрса, келечегибиз сонун болсун!
+8
Janyl98
2021-01-15 15:00:33
Жараткан Тенирим омур берсин
-1
Baiaman997
2021-01-15 15:21:16
Janyl98,Тенир деген ким? Ал эмне?
0
Tyty1990
2021-01-15 16:51:37
Baiaman997, арстан алай булардын кудайы
0
Jelezo
2021-01-15 23:51:57
Baiaman997,кудай фарсча,Теңир кыргызча,Алла арабча аталышы.жаман жазышбагыла бирбириңерге мусулман инсан эч качан башкаларды кемсинтбеш керек.Теңирчи деген дин жок.
0
Baatirbek81
2021-01-15 17:54:40
Эми көлдө болуп жатпайбы)))
Тамаша
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан