Алып баруучу Нурзат Токтосунова: "Жыйырма жылдык эмгекти заматта чийип салуу туура эмес"

Маданият адамдары Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин окуясы туура эмес окуя болду. Бирок жыйырма жылдык эмгекти заматта чийип салыш туура эмес. Мындай пикирин алып баруучу Нурзат Токтосунова SUPER.KG порталы уюштурган талкууда билдирди.

"Туура эмес окуя болду, аларды жактабайм. Ошол эле учурда катуу кетпегенибиз оң деп эсептейм. Чынында эл көзүндө жүргөн адамдардын сахнадан, теледен көрүп суктанганыбыз башка, бирок жашоосунда көргөнүбүздө жаман абалга кабылган учурлар көп эле болгон. Мен ошол балдардын ( ред.: Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев) өздөрүнүн балдары ошол берүүнү көргөндөрүн каалабайт элем жана менин кызым дагы ошол көрсөтүүнү көргөнүн каалабайм. Мен өзүм дагы толук көргөн жокмун.
Мен ырчыларды жакшы түшүнөм. Ырчылар бир кагаз алса дагы сүйүнүшөт, көңүл да. Себеби башка нерсе жок үчүн тойдо жүрүшөт. Анан айтышат, эмнеге мыкты чыгарма, тасмалар жок деп. Мамлекет чыныгы чыгармачыл адамдарды каржылап бергенде алар тойдо жүрбөйт эле. Биз деле айла жоктон жүрдүк да канча жыл. Анан биздин ичибиз ушунчалык негативге толуп калыптыр. Эки баланы баса калдык. Кайраттан башка "Голос" берүүсүнөн Дима Биландын, Леонид Агутиндин жанынан кимди көрдүк эле? Анан ошолордун жанынан көрүп, сыймыктанып жүргөн балабызды бир эле учурда алдык дагы башынан ылдый жаман сөздөрдү куюп салдык. Жыйырма жылдык эмгекти бир заматта чийип салуу туура эмес деп ойлойм
", - дейт Токтосунова.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоевдин ырчылар менен биргеликте жасаган долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, чуу жараткан. Мындан улам Маданият министрлиги Курал Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинен ажыратып, аталган берүүгө тартылган ырчы Кайрат Примбердиевди дагы "Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу каралып жаткандыгын айткан.

Чокоевдин чуулуу долбоору: наамдарынын алынышы боюнча ойлор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Napaleon
2021-01-15 13:13:10
Нурзат ошолорду колдобой эле койчу жаным.
+7
Janyl98
2021-01-15 14:59:40
Napaleon,
Сен түкөйсүң. Менталитетке туура келбейт деген тушунук менен наамды алып салган - итчилик. Маданият министрине окшогон молдо чалыштардын чечими туура эмес. Эгер молдолордун дааватын сеники туура дей берсек, эртен молдо соройлор баардык ырчылардын иш аракеттерине тумшугун тыша башташат. Ошондуктан маданият кызматкерлери бири биринерди сдавать этпегиле.
-6
ooki8888
2021-01-15 13:17:33
Маадемектен Путиндин жанында журсун. Эгер маданият кызматкерлери, озунун элине маданиятсыздыгын корсотсо, "чийип" эмес камап таштаса деле карты эмеспиз!
+17
nazira...
2021-01-15 13:57:11
Түшүнбөдүм, бул жерде маданият министри тууралу болуп жатат окшойт. Курмангазы тантып калган го, министр кылып кызын отургузмак окшойт эле, жаман жаны чыгып айтып атат го Нуржигитти. Карыпбек Куралдын жакындарынан окшойт. Биринчи толук көрүштү бекен куралдын көрсөтүүсүн.
+8
Talant22
2021-01-15 15:16:54
Бул нерсе биздин менталитетке туура келбейт жон койсон эртен энесин согуп чыгат
+7
Salixa.
2021-01-15 15:23:25
Нурзат жоолук салынса сүйүнүп Аллахтан берекелүү болушун тилеп,бирок орун алм ашуудан сумма өзгөрбөйт дегендей Нурзаттын жоолук салынганы эле болбосо жүрөгүндөгү изги ниети башкада окшойт.
+5
Salixa.
2021-01-15 15:25:19
Курал Чокоев м-н Кайрат Примбердиевдин макамдарынан ажыраганы туура эле чечилген,казга теңелип карганын буту сыныптыр болуп,батыштын ыплас жоруктарын акырындап биздин нарк насилибизге синдиргени аракет жасап жатышат.
+7
Gulina90
2021-01-15 16:24:57
Нурзаттын оюң ким сурап атыптыр.Элдин талабы элди тоготпой атса кечирим сурабай кердейет алсын,ырдабасын кк болсо
+4
Sezim55
2021-01-15 19:15:42
Обаманын алдында журсо дагын элди сыйлаш керек болчу, озунун мамлекет алдындагы статусун сыйлаш керек болчу, бир мамлекетти эмес биринчи оздорунун кичине мамлекетин(уй - було) сыйлап, анан ойлонуп барса болмок, ага чейин ал эки чыгарлышын коруп жапжакшынакай эле мен да ошолордой суйлошуп келгенге даярмын деп барды да, кокусунан эч нерседен кабары жок барып калгандай озун коргозбой эле койсун Эми.
+2
Firdaus7987
2021-01-15 19:55:27
Министирликтин чечими туура эле болгон.Мындан кийин ырчылар сүйлөсө этияттап сүйлөп калышат да.Сабак болсун буларга
+2
arimaz89
2021-01-16 07:45:41
Министрлик туура эле кылып жатат. Закон иштебейт дейбиз, иштесе тоскоол болобуз. Нурзат, сен эмне эле бутка чалынасын? Эртең кызың "апа, бутылкага отуруп көрдүң беле?" деген кезде коёсунбу талашканыңды?
+1
Ozgocho111
2021-01-16 11:29:25
arimaz89,++++туура
0
Ozgocho111
2021-01-16 11:27:47
Акылдуу болмуштар жаман кобойду да,,
+1
Ozgocho111
2021-01-17 01:25:53
Маданият кызматкерлерине сыйлык деле, жумуш деле оюнчук болуп калыптыр, кайран гана сыйлык,,кор болгон...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан