SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Урмат Алтымышев аттуу окурман кайрылды. Анын пикиринде Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы унаа жолу жарылып, азыртан эле жарактан чыгып баштады.
"Бул видеону атайын тартып жатам. Бул Кытай компаниясы курган түндүк-түштүк жолу. Жол күн жылый баштаганда жарылат, кар эригенде дагы чоңоюп жарылат. Ушуну бийликтегилер келип көрүп кетсе жана жолду кытайларга кайра оңдотсо жакшы болмок. Эгер мындай болсо бул жолдун келечеги канча жылга чейин барат белгисиз. Ушул жол деп канча карызга баттык?" - деп суроо салган окурман.