Курмангазы Азыкбаев: "Маданият министрлиги майда нерселер менен алек болуп, башка тармагы чирип жатат"

Маданият министрлиги майда нерселер менен алек болуп калды. Өзүнүн канча тармагы чирип жатат? Жаш балдардын наамдарын алып коёт деген туура эмес. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Эл артисти, музыкант Курмангазы Азыкбаев SUPER.KG порталы уюштурган талкууда билдирди.

"Балдардын видеосун башынан аягына чейин көрүп чыктым, мындай сөздөрдү досторунун арасында айтса туура келмек. Биздин кыргыздын салтында деле терс көрүнүш катары саналат да. Жанагы ырчы балдар элден кечирим сурап койсо эле бул ызы-чуу болбойт болчу. Бирок наамды алып коёт деп жатканы туура эмес, албаш керек. Видеосуна киргендер кирип, кирбегендер кирбесин деп жатканы чындыгында болбойт. Себеби кээ бир кичинекейлер адашып кирип алса, жакшы эмес. Негизи бул ишти аябай ырбатып чоңойтуп жибербедиби. Маданият министрлиги ушундай нерсе менен алек болуп калды, ал эми өзүнүн канча деген тармагы чирип жатат. Андан көрө ошолорду өркүндөтүшү керек эле да. Канча концепция, программа жазып бердик. Ошол жерге бир аттуу-баштуулардын баары тең чогулуп ушул тармакты өркүндөтөлү дегендин ордуна булар ушундайлар менен алек болуп калды да. Эми лицензия дегенди кабыл алып жатат. Рамкага салып коёт. Муну менен жаңы чыгып келе жаткан жаш муундардан чыгармачылык менен алек болом дегендердин баарына бөгөт коюп койду. Мен дайыма бетке айтып коём чындыкты, ошол үчүн жаман көрүнөм", - дейт Азыкбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоевдин ырчылар менен биргеликте даярдаган долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, чуу жараткан. Мындан улам Маданият министрлиги Курал Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинен ажыратып, аталган берүүгө тартылган ырчы Кайрат Примбердиевди дагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу каралып жаткандыгын айткан.

Чокоевдин чуулуу долбоору: наамдарынын алынышы боюнча ойлор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Lina2020
2021-01-15 16:30:44
Бул кишини аябай сыйлачумун. 5-октябрьда маданият министрлигине барып креслосуна отуруп алгандан кийин сен да болбойт экенсиң дегем.))
+9
max-bek
2021-01-15 16:40:54
Lina2020, дагы мага маданият министри болгон шарт эмес. Мага элим атак данк берип койгон министрликтен бийик дегенде кантесин
+5
Gulina90
2021-01-15 16:41:56
Живой ырдоодон коркуп жатышат Анжелика биринчи коркот живой ырдай албайт министр мырза жакшы иштеп жатат.Акырындап баары болот бут тоспогула.
+7
Shanson
2021-01-15 17:28:49
Маданият министринин тырмагына да дал келбейсиңер! Ал керек болсо келечектеги президент болууга татыктуу адам.
+6
Aiman0303
2021-01-15 17:44:18
Министр туура кылган. Бир жолун табып Кайраттында наамын алгыла.
+6
Napaleon
2021-01-15 17:51:34
Фонограмманы алып ташташ керек. Ошондо чыныгы ырчылар калат.
+5
nazira...
2021-01-15 20:05:30
Бул кишини сыйлачы элем, кадыр баркын кетирип атат бул да. Каарыганда калыс сөзүн айтып эле отурбайбы. Министрге асылат,тема Курал болуп атса. Зорго эле турган экен да жарыла албай.
+3
bbek
2021-01-15 20:19:44
Эми туугандар а дейбиз бу дейбиз бирок элдин ичинде канчалаган таланнтар бар бирок таанышы акчасы жок чыга албай журушот.азыркы ырчылардын 70%ти без музыка ырдатсан вообще ноль техниканын жардамы менен эле ырдап журушот да
+5
arimaz89
2021-01-16 07:14:26
Мына киши өз ордун билип эле отура бербейби, өз сакалын сыйлап. Маданият министри болбой калганына ичине ит өлүп жаткан неме го сыягы...
+2
arimaz89
2021-01-16 07:30:36
Ошол "МАЙДА" деген нерсе коомго канчалык зыян алып келип жатканын аңдап билген эле киши го, тообо! Эртең небереңер "ата, бутылкага сен да отуруп көрдүң беле?" деп суроо бергенде жетет го сыягы
+2
ika8086
2021-01-16 09:06:55
баардык жумуш майда нерседен башталып чооон балээкетке айланат.Чириген чон нерсе илгери делечирип келген.Мурда ошо чириген чон нерсени корбой эмне кылып журдунор.Фонограмманы алып,лицензия мн иштешкенде эл концерттик программаларга,театрларга барып калмак.Лицензиясы жок иш алып барган учун эл концерттик залга барбай ырчы-чоорчулар бутка чалынып элге корксуз болуп мына мынтип бейбаш болуп калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан