Кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Дека кызынын туулган күнүн белгилеп жатышат. Ариананын туулган күндүк кечеси бүгүн, 16-январда борбордогу тойканалардын биринде өтүүдө.
Кеченин ачылышын Аваз Акимов менен Айдана Дека "Кызым" аттуу чыгармасы менен ачып, залга кызы менен кирип келишти.
Салтанатка ырчылардын үй-бүлөлүк достору, жакындары келишти. Бул кечеде балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, көңүл ачуучу оюндар уюштурулууда. Ал эми ата-энелер үчүн да орундуктар даярдалган.
Буга чейин түгөйлөр Инстаграм аркылуу сынак уюштурушкан. Анда сынактын жеңүүчүсү туулган күндүк кечеге чакыруу алмак. Бүгүнкү иш-чарага 3 баласы менен жогорудагы сынактын жеңүүчүсү да катышып, сыйлуу конок болушууда.