"Зал элге толгон, бирок өзү жок". Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти болуп өттү

17-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү концерти болуп өттү.

Аны акындын "Айтыш фондунда" тарбиялап өстүргөн шакирттери уюштуруп, калың элге сунду.
Кече алгач акындын архивдик видеолору менен ачылып, шакирттери манас айтуу менен башталды.
Андан соң жаш төкмө акындар устатын эскерип айтышып, обондуу ырлары ырдалып, акындын калемине таандык ырлар окулду.

Залдагы орундуктар 1500 миң адамга ылайыкталып, айрымдар 3 жарым саатка созулган кечени тикесинен тик туруп көрүштү.

Эске салсак, төкмө акын, манасчы,дастанчы, обончу, айтор көп кырдуу талант ээси Элмирбек Иманалиев өткөн жылы 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган.

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gul3ina
2021-01-19 07:12:00
Өзү жок үчүн эскерүү концерт өтүп жатат да кызык экенсиңер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан