Бишкекте айрым маршруттук таксилердин линияга чыкпай жатканын окурмандар SUPER.KG порталына билдиришүүдө. Ал эми шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев таң эрте айдоочуларга кайрылуу жасады.
"Силердин көйгөйүңөрдү жакшы билебиз, жети жылдан бери тарифти көтөргөн эмеспиз. Ошондуктан силер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Бизге кээ бир линиянын маршруттук таксилери чыкпай жатат деген маалыматтар келип жатат. Силердин абалыңарды түшүнгөндөй силер дагы элдин абалын түшүнгүлө. Өлкөдө пандемия, элдик толкундоо болду. Силер айткандай азыр эле көтөрүп бере албайбыз. Анын өзүнүн эрежеси бар. Биз бул маселени Экономика министрлигине киргизип, анан алар карап чыгып шаардык кеңешке жөнөтөт. Шаардык кеңеште апрель айында жаңы шайлоо болот. Ошону менен Май айына чейин бул маселенеи чечкенге аракет кылабыз, болгон чындык ушул.
Эгер жумушка чыкпасаңар мен башка маршруттук таксилерди чыгарууга аргасыз болом. Себеби мен элди ташышым керек. Эртең дагы башка сөздөр чыкпасын. Азыр түшкө чейин анализ кылабыз, чыкпаган маршруттук тасилердин ордуна башкалар иштеп баштайт. Ошондуктан жумушка чыккыла", - деди Түлөбеав.