Буга чейин социалдык тармактарда комузду безеленте чертип, бир эмес эки тилде обон созгон жигиттин видеосу тараган. Ал жигит Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарчасынын жашоочусу Жумабек Инамидин уулу экени белгилүү болду.
Эл ичи өнөр кенчи демекчи көпчүлүктүн кызыгын жараткан өнөрлүү жигитти SUPER.KG порталы издеп таап, аны менен азын-оолак маек курууга да үлгүрдүк.
Кесибим боюнча электрикмин, бирок жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын
Жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын. Комузду колума 21 жашымда алгам, атам кадимки эле "Ош базарына" барып комуз алып келип берген. Эч кандай нота билбесем да мурда-кийин угуп жүргөн эски кайрыктарды чертип, ырдаганга өттүм. Андан соң белгилүү инсандардан сабак алып, чыгармачылык дүйнөсүнө сүңгүп кирдим. Бир гана өкүнгөнүм чыгармачылыкка эрте аралашпаганым. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп жатса да музыкалык билим алып, сахнага чыккым келет.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
Кадимки комуз менен ырдаганда менин үнүм комуздун дабышын басып кетчү. Мындан улам көөдөнү чоңураак бир эле учурда кагып, добулбастын да ордуна колдоно калчу комузду чаап алдым. Кол билип, кичине устачылыгым да бар болгондуктан буйрутмалар болуп калса комуз чаап берем. Үйлөрдүн ичин жасалгалап да иштейм, айтор жөн отурбайм. Мындан сырткары ырлардын сөзүн жазып, обон чыгарам. Автордук ырларымды жакшылыктарга барганда эл алдында аткарып, жакшы бааларга татып келет.
Чоң сахнага чыгуу - кыялым
Обончулукка, аткаруучулукка болгон шык жан дүйнөмдү тынч койбойт. Кубансам да, кайгырсам да комузду колго алып, үч кылдан чыгарам баарын. Өзүмө дастанчылык өнөрү да жакын. Азыркы учурда дастанчылардын алды болгон Өмүрзак Кайыповду калтырбай угам. Мындан сырткары төкмөчүлүк өнөргө да аябай кызыгам. Айтыштарды калтырбай угуп, ыңгайы келсе мен дагы уйкаштыра сүйлөп, төгүп коём. Жаш төкмө Жылдызбек Төрөканов менен курдаш болуп, төкмөлүк өнөрдүн ички ашканасына да баш багып жатам. Убакыт-сааты келсе жетишээрлик билим топтоп, калың элдин алдына, чоң сахнага чыксам деген тилегим бар.
Мына окурман эл ичинде ушундай бир гана эмес бир нече өнөрдүн ээси болгон таланттарыбыз арбын. Ал эми элдин милдетти ушундай таланттарды өз элегинен өткөрүп иргеп, баалап-барктап алуу.