Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым коомдук транспорттун айдоочулары иш таштады. Алар жол акыны көтөрбөй жатышат деген жүйөө менен жумушка чыкпай койгон. Ал эми бул маселеге шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыл аягына чейин айдоочулар уруксат берсе, жол акы акырындык менен көтөрүлө турганын маалымдады.
SUPER.KG порталы 193-маршруттун атын атагысы келбеген айдоочусу менен байланышып, жалпы айдоочулардын көйгөйүн укту. Айдоочунун айтымында, бул маселе буга чейин да көтөрүлүп, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.
"Биз Бишкек мэриясына бир эле талап менен кайрылып жатабыз. Ал жол акыны көтөрүү. Айдоочулар жол кирени кымбаттатканда да өтө кымбат эмес, 15 сомго чыгарууну сунуштап жатат. Өзүңүздөргө маалым болгондой азыр жашоо кымбат. 10 сом жол акы менен же майыбызга, же ижара акыбызга акча жетпей иштегенибиздин изи чыкпай калып жатат. Айдоочуларда ушул эле көйгөй, андан башка маселебиз деле жок. Буга эл деле макул болуп жатат.
Азыр мен өйдөдөн ылдый түшүп келдим, элдер макул экенин айтышты. "Өзүңөр эле көтөрүп койсоңор болмок" дегендер да болду. Бирок биз кантип өзүбүз жол акыны көтөрмөк элек? Аны мэрия чечип, бааны стабилдүү коюп бериши керек да. Мен өзүм алты жылдан бери коомдук транспорт менен элди ташып, эл кызматында жүрөм. Азыр биздин талапка мэрия 2 ай убакыт бергиле деп жатат. Бирок буга да ишенүү кыйын. Себеби бул маселе бизде үчүнчү жолу козголуп жатат. Ага карабай эч кандай жыйынтык болбой келет. Бүгүн мен жумушка чыктым, бирок көп кесиптештерим жумушка чыкпай, иш ташташты", - дейт айдоочу.