Биз социалдык тармакта

УКМК: "Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге карата каршы көрсөтмө берди деген маалыматтар чындыкка дал келбейт"

Социалдык тармакта УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспеков тергөө учурунда Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Маалыматта ал пара катары алчу акчасынын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бере турганын айтканы жазылган.

Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

"Айрым маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда активист Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бериптир деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. УКМК эскертет, кимде ким жалган маалымат таратса ага карата мыйзам чегинде кылмыш иши козголот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан