Биз социалдык тармакта

Жарандык авиация агенттиги Орусияга учкан жарандар эрежени сактоосун эскертет

Орусияга иштөөнү пландаштырган жаран ал өлкөгө компаниянын атайын чакыруусу менен гана учса болот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Кабыл алуучу компания өзүнө керектүү жогорку квалификациялуу жумушчулардын тизмесин түзөт. Бул негиздүү болушу керек. Адам учактын бортуна ушул учурда гана түшөт", - деди ал.

Сталбек Шаршеев белгилегендей, айрым жеке авиакассалар жумуш орундарынан жасалма күбөлүктөрдү сатышат, бирок адистер үчүн жасалманы таануу кыйын эмес.

Ал билдиргендей, азыркы тапта бул боюнча укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, ал Кыргыз жарандары билеттерди сатып алуудан мурун, пандемияга байланыштуу бардык документтерди жана талаптарды кылдаттык менен аткарууга үндөдү.

Азыркы учурда, Бишкек-Москва багытында Орусияга аптасына эки туруктуу рейс каттап жатат.

Эскерте кетсек, Орусияга учкан жарандын жанында паспорту жана COVID-19 жок экендигин тастыктаган маалымкат болушу керек. Маалымкат 72 саатка чейин жарактуу.

Орусияга билет баасынын кымбаттыгынын себеби айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-18 21:32:51
Авиакассадан иштоого чакыруу кагазын оздору туурулап беришип жатышат,чартерный рейстерге.Болжол менен 10миндин тегерегинде.Аны озубуздун эле аэропорто текшерип жатышат,анан дагы списоктон текшерип,киргизип жатышат.Кокуй Россияда эч ким корбосун,бекиткиле ар жакта деп ачык эле айтышып жатышат.Кыйынчылык учурдагы бизнестин жаны туру экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан