Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата арыз жазды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өткөн аптада Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалып, 15-январда эмгек жамаатка тааныштырылганы кабарланган.

Кечээ, 17-январда Самара Каримова окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата арыз жазды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы тарабынан белгилүү болду.

"Кечээ кечинде Самара Каримовадан айрым кызматкерлерге карата арыз келип түштү. Анда сотто утуп алганына карабастан окуу жайдын айрым кызмат адамдары анын иштешине каршы болуп жатканы айтылган. Арыз каттоого алынып, учурда прокуратура менен сүйлөшүү жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Бул боюнча азырынча ырчы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз даярдалып жатканын, мыйзам талаасында иш жүргүзүлөрүн кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
altinbe
2021-01-18 18:46:49
самара саунадан киреше тушпойкалдыбы.директорлука ат салганына караганда.майда чайнааап жата бербейсинби аллах деп
+15
Raihan0602
2021-01-18 18:49:20
Жазайын деп сөз таба албадым жүзү кара катын го
+17
Nursul
2021-01-18 18:51:08
Ушул айымдын жаңылыктарын окугум да келбейт малыматтары чыкса эле жаман оюң жок ишин кайра тапшырып берди окшойт деп ойлойсуң анан эле сотко берип эми коллективтерин берсе ушунтип тажатып атып олол жердеги мугалимдердин баарын иштен алдырат окшойт.
+11
PeRa
2021-01-18 19:03:29
Эки жыл соттошкондун ордуна, эки жыл жөнөкөй мугалимдиктен баштап эмгектениш керек эле. Андан кийин А[moderated]ин акчасынан кичине карматса, балким мынчалык кыйналбай директор болуп калмак.
+14
aliya-leyla
2021-01-18 19:19:51
оффффф, соз жок...
+10
Aiymkunumjyldyzym
2021-01-18 20:43:12
Коллектив кабыл албаса да Асандын аялы иштесин болуптур го бул жагы.
+13
Omyke
2021-01-18 21:08:09
А[moderated]дин Саунасыбы сага ал жер Шалпандап барып олтуруп алып дагы 30жылдан бери иштеген мугалимдерди сотко бересин Сучара десем
+13
makskyzy
2021-01-18 21:15:16
Самара тойгузду го уяты жок энесиндей болгон балдарга чон чыгып кыргызда улууга урмат деген жакшы соз бар
+8
Mirzita81
2021-01-18 21:18:13
Адамда да кичине бет керекта озуну зоордоп директор кыласынбы Самара энендей аялдарды башкарып . Асан эконор бир жолу ошту ээлеп алайын деп атасынарбы . Эки жылдан бери эмнене унчукпай отурдун эми ыр жок кезде чыр чыгарып чыга калдын.
+11
Kari
2021-01-18 21:21:41
Акылынан айныган эмеспи.Кызматчыларга жетекчи не деп арыз жазды экен.Мени жакшы карабай жатышат деппи.Уборкадагылар деле тоотпой жатышса керек,мугалимдер эмес.Баарын иштен айдап,озу жалгыз калбаса болду.Балдарымды деле ал окуу жайга окутпаймын эми.
+9
Suuluwka9686
2021-01-18 21:36:50
Келе элек жатып баштаган экен. Эми бир эки кундон кийин жумушиарын айдап баштабаса эле болду акырындан
+7
Raihan0602
2021-01-18 21:48:17
Кирбей жатып төр меники дептир да
+8
Burulsha
2021-01-18 22:47:16
Мындай адамдарды кинодо эле болотко деп жургом, корсо кино жашоодон алынат тура.
+5
Bermet068
2021-01-18 23:30:07
Соттон уткан болсо иштей берсин.Ага эмне мынча нервинерди коротосунар.Самараны ушунчалык коро албайсынарбы э.
-9
Ozgocho111
2021-01-19 00:16:56
Маданият тармагында жакшы жанылык укпай калдык го ыя, жок дегенде жаны ыр,,ырларынан чырлары коп, ызы чуусу бутподу бул тармактын.Ансыз деле шайлоодон, кризистен, пандемиядан чарчап турган калын журтка булардын ызы чуулары кем эле..
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан