Самара Каримова: "Толук өткөрүп алып, иштеп жатам. Түшүнбөстүктөргө чекит койдук"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында директорлук кызматты толук өткөрүп алып, иштеп жаткандыгы тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.

"Документ бардык буюмдарды Нурлан Каримов өзү келип өткөрүп берди. Бардыгын мыйзам чегинде толук өткөрүп алып, иштеп жатам. Баарыңыздарга чоң рахмат. Чоң бурулуш, өнүгүүлөр алдыда. Биздин окуу жай эң алдыңкы окуу жай жана ошол бойдон калат. Нурлан Каримов сизге чоң рахмат. Түшүнбөстүктөргө чекит койдук",- деп жазган Каримова.

Белгилей кетсек, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Ырчы бул боюнча сотко кайрылып, утуп алгандыгы кабарланган.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Самара Каримованын сотто утуп алганы боюнча апелляциялык арыз менен кайрадан сотко кайрылганын министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Самара Каримова директорлук кызматты толук өткөрүп алгандыгын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Pchelka85
2021-01-19 13:52:54
Куйоосу драмды бул биягын колго алса.. жакында зданинин подвалдары саунага айланып журбосун)))))
+39
nazgul1905
2021-01-19 14:02:21
Pchelka85,студент кыздарга кандай тарбия берет,сойкукана менен алектенген адам,министрлик кайсы жакты карап отурат эл журт!!!
+35
nazira...
2021-01-19 15:10:42
nazgul1905,ыйман берсин да, кыздар эми ушуну көрүп окушат да. Лучше медучидищага балдарвбызды окутпай эле коюшубуз керек. Бул катындан баарыбыз корктук. Мейли кудай бар, кантип келсе ошентип кетет да.
+9
lazygirl
2021-01-19 15:49:36
nazira...,медучилища эмес го
+8
nazira...
2021-01-19 15:54:45
lazygirl,музучилища, адашыпмын үзүр. Мен дагы Самара болуп кеттим да, тооба.
+10
Birimdik5555
2021-01-19 13:56:55
Жаны маданият министри шайланганда ойлодум эле эми баарын акыйкат жолу менен чечет деп гана Самарадай бардык нерсеге акча менен жеткендер иштеп эле атышат го, акыйкат жок кайра эле ошо жемкор,ачкоздор.
+21
Gulina90
2021-01-19 14:21:47
Акчаң болсо баары болот дегендей эле болуп калыптыр.Кандай билим берет кара кыз.
+15
Aylin_sadykova
2021-01-19 15:29:27
Уят сага Самара Каримова! Ошончо сөздөн кийин кантип директор болосуң? Сага кресло эле керек экен да, А[moderated]ңди ар жакка жетелеп жүрүп акыры бардык нерседен жок калбасаң болгону. Уят уят. Кечээ арыз жазып, бүгүн чекит койдук деп жүрө бер.
+15
ayko24
2021-01-19 15:35:43
Самара сен баары бир ал жерде иштей албайсын гарантия
+15
mega777
2021-01-19 16:16:13
Толук өткөрүп алып эмес,толук рейдерлик түрдө басып алып десең чындыкка жатат.Көрүп күбө болуп турган элди алдай албайсыңго.Сени колдосо 100миң адамдан 100ү гана,калганы бүт каршы.
Эгерде Самара ушул жетекчиликте калса анда үмүт кылып,мамлекетибизди оңдойт деп шайлаган президентибиз менен министрдин абройуна шек келгени.Мыйзамды бузуп,канча кызматкердин адамдык укугун тебелеп,түндө эшикти талкалап кирип,отуруп алганына көз жумуп отурган ЖАҢЫ БИЙЛИККЕ ишеним өлдү!
+18
mira28
2021-01-19 17:21:50
mega777 менин да ишенимим олду.ортодо чон корупция бар.же садыровту коркуткан турмонун пахандары бар.
+5
algakaray
2021-01-19 17:12:18
Кок бет экен беттегенин бербеген. Догурунуп атып жетти коздогонуно.
+12
nazira...
2021-01-19 17:59:09
algakaray,до поры, жо времени
+6
Mirnar
2021-01-19 18:41:48
Жамандап жамандап алып акырында " рахмат " деп коет экен да))
+10
Kadyrova_
2021-01-19 18:57:56
Ушундай билими жок акчалуулар басып алып жаткан үчүн кыргызсстаныбыз өнүкпөй келе жатабызда.
+7
Nur777
2021-01-19 23:23:28
Суйунчу,соттун чечими жокко чыгарылыптыр,эми бул бетпак болбойт экен директор!) азыр окудум,Суперге эртен чыгат буюрса))
+4
Bolotbek9191
2021-01-20 04:31:40
Кет кароче жогол эчтеке тажрыйба дагын билимда жок наглый отуруп алдын
+2
Bolotbek9191
2021-01-20 04:34:02
Асан драмды Тоноп бул музфакты тоносо бутту
+2
zhunusali
2021-01-20 05:03:19
Мына ушуга окшогондор жаны бийликтин жуздорубу?Ушун сутенёр директор болсо бул олгону ошол музучилищенин.
+1
arimaz89
2021-01-20 06:39:19
Урматтуу Суперчилер, 2018 шайланып, 2017-жылы шайланып эле дейсиңер. Ошол жылдары Самара ким тарабынан шайланган, ким указ чыгарган, билип берип койгулачы, сураныч!!!
0
Taalaibek.
2021-01-20 08:51:31
Бул кыздын багы ачылбады го дагы тактан кулап. Эми кайсыл сотко барат болду экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан