Бишкек шаарындагы 175-маршруттук каттамдын айдоочусуна кол салуу болду. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз жарандар келип жумушка чыкпагыла деп коркутуп, кол салган.
"Эртең менен саат 06:45те жумушка чыгып эски автобекетке жеткенде 4 бала келип күзгүнү сындырып, мага кол салды. "Мадина" базарына жеткенде күзгүнү сындырып салышты", - деген ал.
Ушуга байланыштуу аталган маршруттук каттамдын айдоочулары коркуп жумушка чыкпай жаткандыгын кошумчалашкан.