Вице-премьер көмүр тармагынын абалын жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү келечеги боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көмүр тармагы - республиканын отун-энергетикалык комплексинин алдыңкы тармагынын бири. 2010-2020-жылдары көмүр казуу көлөмү 570тен 2 460,2 миң тоннага дейре өстү", - деди Равшанбек Сабиров.

Кеңешменин жүрүшүндө ата мекендик көмүр өнөр жайынын абалы жана аны өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө тийиштүү актуалдуу темалар белгиленип, 2018-2020-жыл аралыгындагы көмүр өндүрүү жана экспорттоо боюнча маалымат угулду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында, көмүр казуунун көлөмүнүн өсүшүн төмөнкү чаралар шарттаган.

  • Бишкек шаардык ЖЭБ үчүн жергиликтүү көмүр ташуу көлөмүн жогорулатуу негизинде Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун өнүктүрүү;
  • Коңшу өлкөлөр, тактап айтканда, Кытай Эл Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен кыргыз көмүрүн экспорттоо боюнча байланыштарды калыбына келтирүү, Өзбекстан Республикасынын жетекчилиги тарабынан газды экспорттоо үчүн үнөмдөө максатында кабыл алынган көмүрдү пайдалануу саясаты;
  • Өлкөнүн түштүгүндөгү цемент чыгаруучу ишканаларга технологиялык максатта пайдалануу үчүн көмүр ташуу көлөмүн сактоо жана кеңейтүү.

Лицензиялоого тийиштүү белгиленгендей, 2019-жылдын 22-майына карата көмүр кендерине 187 лицензия берилген, анын 114 лицензиясы иштетүүгө берилсе, 71 лицензиясы – долбоорлоо баскычында.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, 2018-жылы 71 лицензия ээси лицензиялык келишимдин шарттарын аткарган эмес. Казып алуу көлөмү боюнча шарттар аткарылбай, 606,9 миң тонна көмүр казылбай калган, ал эми иш жүзүндө 2 998,3 миң тонна казып алынмак. Лицензиялык келишимдерге ылайык, 2019-жылы 3 746,8 миң тонна көмүр казып алуу пландаштырылган, бирок отчёт боюнча, болгону 2 809,3 миң тонна (937,5 миң тонна казылбай калган) көмүр казып алынган.

Маалыматты уккан соң вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров көмүр тармагынын абалын жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды берип, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасында болжолдуу түрдө 6,4 миллиард тоннадан ашуун запасы бар 70 көмүр кени бар, анын ичинде:

- Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде – 5,2 миллиард тонна;

- Өзгөн бассейнинин, ошондой эле Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегенек кендериндеги таш көмүр – 1,08 миллиард тонна;

- Туюк-Каргаш көмүр кени – 119,6 миллион тонна.

Учурда көмүрдүн өнөр жай запасын өздөштүрүү деңгээли 0,13 пайызды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан