Бүгүн, 26-мартта ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди.
Жыйында Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал маалында коомдук коопсуздукту сактоо максатында жалпысынан 120 пост коюлганы айтылды.
"Алардын ичинен 15 чоң посттор, санитардык-карантиндик посттор 26, кичине блок посттор 76. Мындан тышкары Бишкектин аймагында райондор аралык жөө патрулдар коюлду. Алар:
Свердлов району боюнча - 15
Октябрь району боюнча - 30
Ленин району боюнча - 20
Биринчи Май району боюнча - 25", - дейт Орозалиев
Бишкек шаарында өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Ага ылайык, жарандарга кечки саат 20:00дөн баштап эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат жарыяланып, бул мезгилде үйдөн чыкпай туруусу айтылган.