Бүгүн, 20-январда Нурлан Насип ресторанынын салтанаттуу ачылышын жасап, ага ырчынын үй-бүлөсү, жакындары, достору келишти.
Салтанатка келген Асел Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева күйөө баласы менен кызынын иш баштап жатканына кубанып жатканын айтат.
Асел Кадырбекованын апасы буга чейин кызынын сулуулук салонун иштетип келген. Учурда салонду жапканы белгилүү болду. "Кызым кырсыкка кабылгандан кийин салонду иштетип жаткам. Стоматологиядагы ишти токтотком. Сулуулук салонду жаап, кайра стоматологияны иштетип баштадым".
Ошондой эле Асел айым Түркия мамлекетине дарыланууга жолдошу жана кызы менен барарын айтты. "Асел кырсыктагандан кийин неберем дагы стресс болду. Азыр бир кадам жылдырбай, апасынын бети, колун өпкүлөп жанынан чыкпайт", - деп кошумчалады Дилбар айым.