Президент, өкмөт башчы, Саламаттыкты сактоо министри түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өтүш керек. Мындай пикирин бүгүн, 21-январда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында мындай кадам, вакцинанын коопсуздугу боюнча коомчулуктун ишенимин жогорулатат.
"Учурда коомчулуктун арасында коронавируска каршы вакцина боюнча ар кандай кайчы пикирлер болууда. Эл ишениш үчүн алгач президент, өкмөт башчы, Саламаттыкты сактоо министри түз эфирде эмдөөдөн өтүш керек. Ошондо гана коомчулук вакцинанын коопсуздугуна ишенет.
Өкмөт Pfizer вакцинасына каражат жок, аны сактоого муздаткычтар жок деп жатат. Андан башка вакциналар деле толтура да. Орусиянын, Кытайдын вакциналары бар. Кайсынысын аларыбыздын айырмасы жок", - деди Бекешев.