Асел Кадырбекованы көрөбүз дегендер көп болчу, Нурлан Насипбекович деген кандай угулат экен?

Мен Медина Найманова, алып баруучумун. Кечээ, 20-январда ырчы Нурлан Насиптин ресторан-барынын салтанаттуу ачылышына катыштым. Ооба, жумуш боюнча барып, видеого тартып, аны топтоп, көрүүчүлөргө "сунганга" чейин түн бир оокум болду. Кыскасы, бүгүн уйкум канды... Эми өтө көп күйөрмандары бар Нурлан Насиптин ишкерликти баштоодогу алгачкы кадамы болгон ресторанынын ачылышындагы кызыктуу учурларды сиздерге айтып берүүнү оң көрдүм.

Көпчүлүк бул кечеде Нурлан Насиптин жубайы, ырчы Асел Кадырбекованы көрөбүз деп ойлошкон. Ачылыш аземди экрандан көргөндөр да бар, бирок ал ачылыш аземге катышкан жок. Анын себеби баарыбызга белгилүү да окурман... Кечеде Кадырбекова Түркияга эс алууга бара тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу ырчы мырзанын атасы кабарлады. Ал жол кырсыгына кабылгандан бери 7 ай өттү, баарыбыз ага кырсыктын кесепеттерин жеңип, саламаттыгы калыбына келишин тилейли.

Ресторандын ачылышына белгилүүлөрдөн кимдер келди десеңиз менин тизмем оголе көп. Ырчылар, алып баруучулар, продюсер, тамашоучу, айтор чыгармачылыктагы жоон топ адамдардын башын бириктирген азем болду. Алар абдан көңүлдүү отурушту, дасторкон да ардактуу коноктор үчүн мыкты жасалган.

Эң эле ак дилден айтылган сөздөргө адам кадимкидей эреркей түшөт эмеспи, ырчы мырзанын ата-энесине сөз берилгенде коноктордо дал ошондой сезим болду.

"Нурлан бала кезинен абдан өжөр. Айтканына жетмейинче аракет кыла бермей жайы бар. Негизги максаттарынын бири - ырчы болуу болчу. Кудай буюруп шоу чөйрөсүндө өз ордун тапты, эми дагы бир максатын орундатууга бет алды, ишкерлик кылуу. Ачыгында, азыр мурдагыдан да уйкусу азайды, мурда түнү иштесе күндүз уктап алчу, азыр өзүнөн-өзү эрте туруп, жумушуна кете турган болуп калды", - деди атасы Насипбек Мусаев. Ошондой эле Нурлан мырзанын ата-энеси уулунун жаңы баштаган ишин колдоо үчүн ресторанга келгенде тамак үчүн акча төлөп кетип жатышкандыгын айтышты.

Ак батасын бергендердин арасында Асел Кадырбекованын апасы, Нурлан Насиптин кайненеси да бар. "Албетте, бул күйөө балам менен кызымдын наны. Нурландын биринчи баштаган иши майлуу, сүттүү болсун. Ырчылык деле убактылуу да, жеке ишкерлик да кылыш керек. Азыр баары эле ошентип калбадыбы",- деди Дилбар Монокбаева.

Кечеге конок болуп келген Курал Чокоев ырчы ишкерликти жөнгө салып алса, туруктуу киреше булагы болсо башка маселелерге алагды болбой чыгармачылыкка жакшы көңүл бурат деген оюн айтты.

"Ишкерлик менен алектенүү албетте, чыгармачылыктагы адамга тоскоолдуктарды жаратат. Бирок киреше булагың дагы жок болсо, жалгыз чыгармачылык менен алектене албайсың. Ошондуктан бизнес баштап, аны жолго коюп, ал туруктуу киреше булагына айланганда, сен кеңири чыгармачылыкка кирише аласың. Менин дагы ушундай оюм бар", - деди ал.

Мен кечеде такыр бошобой жүргөн Нурлан Насипти "аңдып" жүрүп сыртка чыкканда артынан чыктым. Ал телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан экен, убактысы тар болгондуктан ага тоскоолдук жаратууга мажбур болуп, суроолорду узатып баштадым...

Нурлан мырза, кандай "шеф" болуп жатасыз, көнүп калдыңызбы?

- Көнүп калдым, ишти 2 ай мурун баштаганбыз. Ал эми мындагы жамаатты, кызматкерлерди чогултуп иштеп баштаганыбызга 1 ай болуп калды. Азыр бул жакта иштегендер Нурлан Насипбекович деп айтышса башында өөн учурап жаткан, азыр көнүп баратам.

- Ресторанда жандуу үн менен ырдашат экен, өзүңүз дагы ырдайсызбы?

- Ооба, мен дагы ырдайм. Келген коноктор өзүң ырдайсыңбы, ырдап берчи деп суранып калышат. Бош убакытта коноктордун көңүлүн алып өзүм да ырдап берип жатам.

- Мурун биз "Чыгармачылык менен үй-бүлөнү кошо алып кетүү кандай болот" деп сурачубуз, эми дагы бир тармак - ишкерлик кошулду, үчөөнү алып кетүү кандай экен?

- Менимче, бардык нерсеге жетишсе болот. Башкысы каалоо, кызыгуу анан эмгек керек. Мен бул кыялымды ишке ашырууга көптөн-көп эмгек кылдым. Үй-бүлөм, жакындарым, достор, тааныштар колдоп жатат, баарыңыздарга рахмат.

Нурлан Насиптин уйкусун качырган ресторанынын ачылышы салтанатуу өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gilrfkg
2021-01-21 19:15:34
Ossun, onuksun dep balasyn koldop, ichken tamaktaryna akcha tologon Nurlandyn ata-enesine alkysh! Balam butuna tursun debei, tapkanyn menchiktep, neberelerinin yryskysyn talawkan ata-eneler da jok emes
-1
Nur777
2021-01-21 23:54:31
Асель салон ачканда Нурлан Туркияда,Нурлан ресторан ачса Асель Туркияда....кызык экен)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан