Бүгүн, 21-январда Бишкекте Элге насыялык мунапыс берүү көйгөйү боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
"Коронавирус пандемиясына байланыштуу 208 миң 46 насыя алган адамга жардам берүү максатында 80 миллиард 800 миллион сом бөлүнгөнү боюнча токтом чыккан. Ал токтомго ылайык, 3 миң адамга гана жардам берилген. Калган акча кайда кетти деген суроо жаралат. Улуттук банктан бул тууралуу сураганда алар бул "коммерциялык таймер" деп жооп берген эмес.
Биз кредит саясатынан кетишибиз керек. Мисалы АКШда 5 пайыз менен насыя берсе, Кыргыз өлкөсүндө 40-50 пайыз менен берилет. Мындай жүрүш менен уланта берсек, кулчулукка түртөт. Ошондуктан бул саясаттан баш тартуу зарыл", - деди "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесинин мүчөсү Фатима Жунусбекова.