Кыргыз Республикасынын өкмөтү толук курамы менен отставкага кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө» жарлыкка кол койду", - деп жазылат билдирүүдө.
Министрлер кабинетинин жаңы курамы дайындалганга чейин учурдагы министрлер өз милдеттерин аткарууну улантышат.