"Дүйнө анын алсыздыгын көрдү". Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовго Нейт Диастан үлгү алууну сунуштады

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор жеңил салмактагы курдун ээси Хабиб Нурмагомедовго дагы бир UFC мушкери Нейт Диастан үлгү алууну сунуштады. Мындай сунушун Макгрегор чет элдик спорттук басылмаларга берген маегинде айткан.

"Нейт - бул эр жүрөк мушкер. Ал дароо реваншка макул болуп, чуркап жашынган эмес. Ал эми дүйнө анын (ред. Хабиб Нурмагомедов) алсыздыгын көрдү. Бул бүтпөгөн иш экендигин бардыгы билишет. Бирок ал жасагысы келбей жатат. Кандай чечим чыгарса дагы бул анын иши", - деген Макгрегор.

Эске салсак, 2016-жылы Нейт Диас Конор Макгрегорду жеңип, бирок беш айдан кийин реванш болуп анда Макгрегор жеңишке жеткен. 2018-жылдын октябрь айында Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан