Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруну жуктуруп алгандар Бишкек шаарында катталды.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен медицина тармагынын 4 миң 163 кызматкери жабыркаса, алардын ичинен 4 миң 70и сакайды.